Кытайда нөшөрлөгөн жаандан улам 10 миң тургун эвакуацияланды
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бийлик 10 миңге жакын тургунду эвакуациялоого аргасыз болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ жазды Табигый кырсыктан Цяньси, Цзуньи жана Чаншунь аймак

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бийлик 10 миңге жакын тургунду эвакуациялоого аргасыз болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ жазды Табигый кырсыктан Цяньси, Цзуньи жана Чаншунь аймактары эң катуу жабыркады. Суу сактагычтардагы суунун деңгээли кооптуу чектен ашып, электр энергиясынын өчүшү абалды андан бери курчутту Куткаруу кызматтары күнү-түнү иштөө режимине өтүп, суу курчоосунда калгандарды куткаруу жана тургундарды коопсуз жайларга көчүрүү иштерин жүргүзүүдө Кытайдын Суу чарба министрлиги жана Метеорологиялык башкармалыгы сел коркунучуна байланыштуу эң жогорку "кызыл" деңгээлдеги эскертүү жарыялады. Учурда кооптуу делген 27 дарыядагы суунун деңгээлине көзөмөл күчөтүлүп, сел менен күрөшүүгө миңдеген адистер тартылды


