Кыргызстандык 9,1 кг гашиш менен кармалды: баңгизат Баткен аркылуу транзит менен ташылган
«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Баңгизаттын ири партиясын мыйзамсыз ташуу токтотулду, деп билдирди бүгүн, 9-июнда ИИМдин басма сөз кызматы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине уюшкан кылмыштуу топ Тажикстандан Өзбекстанга ири көлөмдөгү баңги затын мыйзамсыз ташуу менен алекте

«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Баңгизаттын ири партиясын мыйзамсыз ташуу токтотулду, деп билдирди бүгүн, 9-июнда ИИМдин басма сөз кызматы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине уюшкан кылмыштуу топ Тажикстандан Өзбекстанга ири көлөмдөгү баңги затын мыйзамсыз ташуу менен алектенип, Баткен облусу транзиттик жол катары пайдаланылып жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталган Алсак, козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен районунун тургуну 1987-жылы туулган А.С.нын башкаруусундагы «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаа Кадамжай районунун аймагына калтырылып, тинтүү учурунда унаанын ичинен 10 таңгак, анын ичинен 9 кг 908 грамм гашиш табылган Айдоочу кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат


