Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандык Украинада чалгынчыга кол салууга шектелүүдө

Украинанын Николаев облусунун прокуратурасы Кыргызстандын 28 жаштагы жаранына карата айыптоо корутундусун сотко жөнөттү. Ал Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда Украин бийликтеринин айтымында, айыпталуучу Орусиянын ФСБ

0 көрүүazattyqasia.org
Кыргызстандык Украинада чалгынчыга кол салууга шектелүүдө
Paylaş:

Украинанын Николаев облусунун прокуратурасы Кыргызстандын 28 жаштагы жаранына карата айыптоо корутундусун сотко жөнөттү. Ал Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда Украин бийликтеринин айтымында, айыпталуучу Орусиянын ФСБсы тарабынан Кыргызстандын аймагында жалданган. Прокуратуранын маалыматы боюнча, кыргызстандык Украинага келип, Биринчи Май шаарына токтоп, ал жерден ФСБ менен жашыруун байланыш үчүн бир нече смартфон жана сим-карталарды сатып алган Пресс-релизде ал кийинчерээк Киевге барганы, ал жерде куратордон курал-жарактар сакталган жашыруун жайдын координаттарын жана офицер тууралуу маалыматты алганы айтылат. Кыргызстандык 2025-жылдын ноябрында өлтүрүү аракети учурунда кармалган. Украин бийликтеринин айтымында, анын ФСБ кызматкерлери менен байланышып турган смартфону жана ок-дары бар курал жеринде алынган Кыргызстандын жараны буйрутма менен жана жалданма максатта жасалган атайылап өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда. Мындан тышкары, ага агрессор мамлекетке жардам көрсөтүү жана курал-жарак, ок-дарылар жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүрүү айыптары тагылууда Кыргызстандык камакта. Ал мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler