Орусиядагы кыргызстандык аялга 2,2 миллион рубль өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн алууга жардам берилди
Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жаранына багуучусу каза болгондон кийин камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Te

Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жаранына багуучусу каза болгондон кийин камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Белгиленгендей, Кыргызстандын жараны КР Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө багуучусунан ажыраган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган Маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча филиалына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча, 10-июнда арыз ээсине 2,2 миллион рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү жасалган. Мындан тышкары, маркумдун үч жашы жете элек баласына ай сайын камсыздандыруу төлөмдөрү дайындалып, алар бойго жеткенге чейин которулуп турат Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына алардын социалдык жана эмгек укуктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү улантып жатканын белгиледи Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт: yuga.ru


