Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда мобилдик телефон абоненттеринин саны 8 миллионго жакындады

Кыргызстанда мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны 7 миллион 848 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 7-май – Байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата жарыялаган маалыматта айтылат Он жылча мурдараак Кыргызстанда уюлдук телефон колдонгондордун саны 6 миллиондун тегер

0 көрүүazattyk.org
Кыргызстанда мобилдик телефон абоненттеринин саны 8 миллионго жакындады
Paylaş:

Кыргызстанда мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны 7 миллион 848 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 7-май – Байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата жарыялаган маалыматта айтылат Он жылча мурдараак Кыргызстанда уюлдук телефон колдонгондордун саны 6 миллиондун тегерегинде болгон Стационардык телефон колдонгондордун саны бул убакытта тескерисинче кыскарган. Он жылча мурдараак анын абоненттери 459 миңдин тегерегинде болсо, учурда 142 миңге түшүп калды 2025-жылы республиканын аймагында 746 телефон станциясы иштеген, анын ичинен 546сы – шаар жерлеринде жана 200 – айыл жерлеринде Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылы байланыш кызматтарынын көлөмү 39 млрд сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга көбөйдү 1895-жылдын 7-майында орус окумуштуусу Александр Попов байланыш тармагында ачылыш жасап, радио байланышты ойлоп тапканын жарыя кылган. Совет доорунда 1945-жылдан бери 7-май – радио күнү расмий белгиленип келген. Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде өкмөттүн токтому менен 7-май – Байланыш жана радио күнү деп белгиленген. (ErN)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler