Кыргызстанда мамлекеттик протоколдун эрежелери жаңыланды
Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын максаты болуп Кыргызстандын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболорун Конституцияга жана мый

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын максаты болуп Кыргызстандын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболорун Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык келтирүү, ошондой эле Мамлекеттик протоколдун жол-жоболорун өркүндөтүү болуп саналат Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган: 1) Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери; 2) Кыргыз Республикасында протоколдук иш-чараларды өткөрүү тууралуу жалпы жоболору; 3) Чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары тууралуу жалпы жоболору; 4) чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруу тартиби; 5) Кыргыз Республикасынын өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо тартиби; 6) Мамлекеттик протоколдун жалпы жоболору (тиркеме) белгиленүүдө, аларга ылайык: – сапарлардын мүнөзү жана форматы; – Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары тууралуу жоболору; – Кыргызстанга чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламенттеринин башчыларынын, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн сапарларынын тартиби; – Кыргыз Республикасына монархтардын, тактынын мураскорлорунун жана падышалардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчөлөрүнүн сапарларынын тартиби; – Эл аралык уюмдардын башчыларынын сапарларынын тартиби; – өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын жыйналыштарынын тартиби; – Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын же министрлер кабинетинин төрагасынын өлкө боюнча иш сапарларынын тартиби; – протоколдук иш-чаралардын тартиби жана талаптары жөнүндө башка жоболору; 7) Өлкөдөгү кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча президент тарабынан бекитилет


