Кыргызстанда IT тармагы жана стартаптар салыктан 5 жылга чейин бошотулат
Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду Ага ылайык, IT тармагынын өкүлдөрүнө, ошондой эле креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенген субъекттерге бир катар салыктык жеңилди

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду Ага ылайык, IT тармагынын өкүлдөрүнө, ошондой эле креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенген субъекттерге бир катар салыктык жеңилдиктер берилет Документте белгиленгендей, бир катар категориялар 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотулат: Мындан тышкары, аталган категориялар үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5% өлчөмүндө, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% өлчөмүндө белгиленет Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, бул чара Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча аймактык борборлордун бири болуп калыптанышына өбөлгө түзүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет


