Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт – Агартуу министрлиги

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт. Муну менен катар сентябрь айында Агартуу министрлиги мектептердеги кадрдык муктаждыктар боюнча жаңыртылган маалыматтарды алат. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбо

0 көрүүkabar.kg
Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт – Агартуу министрлиги
Paylaş:

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт. Муну менен катар сентябрь айында Агартуу министрлиги мектептердеги кадрдык муктаждыктар боюнча жаңыртылган маалыматтарды алат. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди Анын айтымында, эң чоң тартыштык орус тилинде окуткан предметтердин мугалимдеринин арасында байкалууда, анткени жаш адистер педагогикалык жогорку окуу жайлардын орус тилдүү бөлүмдөрүн сейрек тандашат. Буга байланыштуу министрлик кээде россиялык кесиптештерине колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып турат Анын айтымында, бир гана Бишкек шаарында 300гө жакын мугалим жетишпейт. Үстүбүздөгү жылы бул көйгөйдү чечүүгө педагогикалык ЖОЖдор менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдер, ошондой эле социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жана эмгек акынын жогорулашы жардам берери күтүлүүдө Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler