Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн гипсокартон ташып келүүгө алты айга тыюу салды
Министрлер Кабинети HS код менен классификацияланган, кагаз же картон менен капталган, оюм-чийимсиз гипс плиталарын, панелдерди жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарынан ташылып келүүчү мындай продукцияга алты айлык мөөнөткө моратори

Министрлер Кабинети HS код менен классификацияланган, кагаз же картон менен капталган, оюм-чийимсиз гипс плиталарын, панелдерди жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарынан ташылып келүүчү мындай продукцияга алты айлык мөөнөткө мораторий киргизилди Бажы жана Чек ара кызматтарына аталган товарларды республиканын аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Коргоо чараларын киргизүү ички рынокту колдоого жана экономиканын курулуш секторунда соода агымын тартипке келтирүүгө багытталган


