Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланды (видео)
Тарыхта биринчи жолу Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды Добуш берүү 3-июнда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында өттү. Кыргызстандын талапкерлиги үчүн 142 мамлекет добуш берди. Анын Азия-Тынч океандагы тайпадагы атаандашы Филиппин болу

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды Добуш берүү 3-июнда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында өттү. Кыргызстандын талапкерлиги үчүн 142 мамлекет добуш берди. Анын Азия-Тынч океандагы тайпадагы атаандашы Филиппин болуп, 49 добушка ээ болгон Ошентип, Кыргызстан Филиппинди айланып өтүп, 2027-жылдын 1-январынан 2028-жылдын 31-декабрына чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсүнүн ордун ээлейт Буга чейин президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылып, Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылган. Ал белгилегендей, өлкө мурда эч качан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон эмес, Филиппин болсо буга чейин төрт жолу мүчө болгон Кыргызстан эгер шайланса, алдын алуучу дипломатияны, талаштарды тынчтык жолу менен чечүүнү, өзөктүк куралды жайылтпоо маселелерин, климат менен коопсуздуктун ортосундагы карым-катнашты өнүктүрүүгө ниеттенээрин билдирди Кыргызстандын талапкерлигин буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү колдоп келген БУУнун Коопсуздук Кеңеши 15 мүчөдөн турат: беш туруктуу жана он туруктуу эмес. Туруктуу эмес мүчөлөр БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан эки жылга шайланат


