Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерге жана крипто рыногуна көзөмөлдү күчөтөт - Сыдыков
Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерге, каржы системасына жана виртуалдык активдер рыногуна көзөмөлдү күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу президенттин санкция саясаты жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков билдирди А

Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерге, каржы системасына жана виртуалдык активдер рыногуна көзөмөлдү күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу президенттин санкция саясаты жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков билдирди Анын айтымында, Кыргызстан санкцияларды жана мыйзамсыз аракеттерди четтетүү үчүн өлкөнүн аймагын, финансылык инфраструктурасын жана экономиканын айрым тармактарын пайдаланууга жол бербөө боюнча ырааттуу чараларды көрүп жатат Мунун фонунда атайын өкүлдү дайындоо чечими мамлекеттик органдардын ишин координациялоону, экономиканы санкциялык тобокелдиктерден коргоону жана чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана финансы институттары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын бирдиктүү позициясын өнүктүрүүнү камсыз кылууга тийиш Сыдыков өз сөзүндө виртуалдык активдерге өзгөчө басым жасады. Ал белгилегендей, санариптик финансылык технологиялар экономикага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет, бирок ошол эле учурда тобокелдиктерди - кылмыштуу кирешелерди легализациялоо, мыйзамсыз иш-аракеттерди каржылоо, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү жана башка кыянаттыктарды жаратат Анын айтымында, мамлекеттик органдар виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда. Улуттук көзөмөл органдары рыноктун катышуучуларына, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын жана эл аралык стандарттардын сакталышын дайыма көзөмөлдөп турушат Ал өзүнчө КР Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин түзүлгөндүгүн белгиледи. Анын айтымында, адистештирилген орган бул жаатта көзөмөлдү, координациялоону жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап механизмдерин ишке ашырууну күчөтүшү керек Сыдыков тиешелүү мамлекеттик органдардын кечиктирилгис милдеттеринин катарына төмөнкүлөрдү атады: Сыдыков ошондой эле Кыргызстан 2023-жылдан бери батыш өнөктөштөрү менен тыгыз диалогду жүргүзүп келе жатканын эске салды. Анын айтымында, учурда АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын институттары менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, кыргыз тарап суралган материалдарды жана маалыматтарды берип жатат Билдирүүдө ал ошондой эле батыштык өнөктөштөрдүн айтымында, санкциялык тобокелдиктер күчөгөн операцияларга катышышы мүмкүн болгон 50 юридикалык жактардын жоюлушу тууралуу сөз кылган Сыдыков Кыргызстан чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин, бирок санкцияларга тең салмактуу мамиле жасап, үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык сооданын ак ниет катышуучулары үчүн кесепеттерин эске алуу зарыл деп эсептей турганын баса белгиледи Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июнундагы No198 жарлыгы менен Сыдыковду санкциялык саясат боюнча атайын өкүл кылып дайындап, 2026-жылдын аягына чейин бул тармак боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилген


