Кыргызстан Тринидад жана Тобаго Республикасы менен дипломатиялык мамиле түздү
Кыргызстан Тринидад жана Тобаго Республикасы менен расмий дипломатиялык мамиле түздү. Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи 29-апрелде Нью-Йоркто болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Документке мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү – Кыргызстандан Аида Касымалиева жан

Кыргызстан Тринидад жана Тобаго Республикасы менен расмий дипломатиялык мамиле түздү. Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи 29-апрелде Нью-Йоркто болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Документке мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү – Кыргызстандан Аида Касымалиева жана Тринидад жана Тобагодон Нил Парсон кол коюшту Кол коюудан кийин тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Дипломаттар достук байланыштарды өнүктүрүү ниетин билдиришти жана БУУнун ар түрдүү структураларына талапкерлерди өз ара колдоону макулдашышты Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!
Diğer Haberler

SpaceXге каршы класстык доо: Үйлөрүбүз жабыркады - Kıbrıs News - Kıbrıs News, TRNC Акыркы мүнөт жана күн тартибиндеги жаңылыктар

Токаев ЕЭК ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндамасын укту
