Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-19-июнунда Албаниянын Президенти Бажрам Бегайдын Кыргызстанга расмий сапары болот Чолпон-Атага иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүү

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-19-июнунда Албаниянын Президенти Бажрам Бегайдын Кыргызстанга расмий сапары болот Чолпон-Атага иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр, ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болот Албаниянын президентинин расмий сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхындагы биринчи иш сапары болуп саналат жана кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө негиз түзөт, деп белгилейт Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы


