Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 1 млрд
Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 1 миллиард доллар каржылайт Эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов эл аралык каржылоого байланышкан мыйзам долбоорлорун депутаттарга тааныштырды Анын айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА)

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 1 миллиард доллар каржылайт Эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов эл аралык каржылоого байланышкан мыйзам долбоорлорун депутаттарга тааныштырды Анын айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстан 2026-2028-жылдары грант, жеңилдетилген насыя жана кепилдик түрүндө 1 миллиард 160 миллион долларга чейин ала алат. Каражат экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүүгө жана өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга жумшалат Каржылоо 25 жылга чейинки мөөнөткө, анын ичинде беш жылдык жеңилдетилген мезгилге 1,5% чен менен берилет Мындан тышкары, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы менен микро, кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүү долбоорунун алкагында келишим түзүлдү. Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 120 миллион доллар өлчөмүндө каржыланат Талкуулардан кийин комитет макулдашууларды жактырды


