Кыргызстан ирригацияга 193 миллион доллар тартууну пландап жатат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу тармагына 193 миллион доллар тартуу маселесин талкуулады Кеп Ирригацияны
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу тармагына 193 миллион доллар тартуу маселесин талкуулады Кеп Ирригацияны инвестициялоо боюнча улуттук программанын долбоору жөнүндө болуп жатат. Ал ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо, суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган Документтерди даярдоого 650 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнөт Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Акунбеков жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү тиешелүү протоколдорго кол коюшту


