Tenqri
Башкы бет
Спорт

Кыргызстан Кытай аркылуу Пакистанга жаңы транспорт коридорун ачты

Кыргызстан Кыргызстан-Кытай-Пакистан багытында жаңы пилоттук транспорттук маршрутту ийгиликтүү ишке ашырганын республиканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди Министрликтин маалыматына караганда, долбоор Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте эл аралы

0 көрүүazattyqasia.org
Кыргызстан Кытай аркылуу Пакистанга жаңы транспорт коридорун ачты
Paylaş:

Кыргызстан Кыргызстан-Кытай-Пакистан багытында жаңы пилоттук транспорттук маршрутту ийгиликтүү ишке ашырганын республиканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди Министрликтин маалыматына караганда, долбоор Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгууну камсыз кылуу стратегиясынын алкагында ишке ашырылган Маршрут Бишкектен башталып, Торугарт постунан өтүп, андан ары Кашгар - Хунжераб - Исламабад - Карачи деңиз порту багытында өтөт. Маршруттун жалпы узундугу 3,3 миң километрди түзөт Министрлик белгилегендей, жаңы коридор өлкөнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, тышкы сооданы күчөтөт жана деңиз портторуна чыгууну камсыздайт Маршруттун ачылышы тууралуу 23-24-апрелде Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин XIII жыйынында Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан да билдирди "Өткөн жумада Кыргызстандан учуп бараткан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү келди. Эки өлкөнүн министрликтери каттамдын бардык баскычтарында айдоочулар менен дайыма байланышта болуп, каттамдын үзгүлтүксүз жана эффективдүү өтүшүн камсыз кылышты", — деп белгиледи дипломат Кыргызстандын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Азамат Жумабековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандан Пакистанга бараткан жүктүн ичинде азык-түлүк товарлары болгон Өткөн аптада Пакистандан Ооганстанды айланып өтүп, Борбор Азияга дагы бир жаңы логистикалык жол ачылганы белгилүү болду. Тоңдурулган уй эти менен толтурулган муздаткычтар Араб деңизиндеги Карачи порт шаарынан чыгып, Ташкентке келишти. Унаалар Габдт-Римдан чек ара терминалы аркылуу Ирандын аймагына өтүп, андан соң Түркмөнстанды кесип өтүп, акыркы чекитине жеткен Пакистан бийликтери пилоттук кургактык жолду 70 миллиондой калк жашаган Борбор Азиядагы базарларды ачуу мүмкүнчүлүгү катары карашат деп билдирди Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler