Кыргызстан ЕАЭБ аймагынан сыртка жыгач жана жыгач буюмдарын экспорттоого жарым жылга тыюу салды
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети Кыргызстандан жыгач жана жыгач буюмдарын ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизди. №397 токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду Чектөө алты айлык мөөнөткө киргизилет. Ал ЕАЭБ ТЭИнин 4401, 440

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети Кыргызстандан жыгач жана жыгач буюмдарын ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизди. №397 токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду Чектөө алты айлык мөөнөткө киргизилет. Ал ЕАЭБ ТЭИнин 4401, 4403 жана 4407 коддору боюнча классификацияланган жыгач жана жыгач материалдарына тиешелүү. Бул коддорго отун, иштетилбеген жыгач жана кесилген жыгач кирет Экономика министрлиги тыюу күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына билдирүүгө тийиш. Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу КМШнын Аткаруу комитетине бир эле учурда билдирүүгө тийиш


