Кыргызстан менен Түркия сейрек кездешүүчү металлдарды биргелешип чалгындайт
Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Түркиянын MTA International Mining Inc. (MTAIC) компаниясынын башкы директору Наил Йылдырым жетектеп келген делегация менен жолугушту Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн тоо-ке

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Түркиянын MTA International Mining Inc. (MTAIC) компаниясынын башкы директору Наил Йылдырым жетектеп келген делегация менен жолугушту Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды Тараптар биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүүгө заманбап технологияларды киргизүү, сейрек кездешүүчү кен байлыктарды жана критикалык маанилүү минералдар боюнча илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатууну макулдашты Белгиленгендей, сүйлөшүүлөр үстүбүздөгү жылдын апрель айында Стамбулда өткөн Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD) форумунун алкагында башталган диалогдун уландысы. Аталган форумда министр Акыл Токтобаев Түркиянын энергетика министри Альпарслан Байрактар менен жолугушуп, Кыргызстан эл аралык отчеттуулук стандарттарын киргизүү менен инвесторлор үчүн ачык шарттарды түзүп жатканын баса белгилеген


