Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан менен Сауд Аравия визалык талаптарды жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин дирек

0 көрүүkabar.kg
Кыргызстан менен Сауд Аравия визалык талаптарды жеңилдетүүнү талкуулады
Paylaş:

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Сауд Аравиянын делегациясын тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Мохаммед Аль-Шаммари жетектеди Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты 1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кабыл алынган Консулдук мамилелер жөнүндө конвенциясынын жоболоруна ылайык, тараптардын өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле айрым багыттар боюнча келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду Ошондой эле жолугушуунун маанилүү темаларынын бири катары эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз убагында коргоону камсыз кылуу, алардын эки өлкөнүн аймагында болуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери белгиленди Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler