Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан менен Кытай өнөр жайда кызматташтыгын кеңейтет

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытайдын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун ба

0 көрүүkabar.kg
Кыргызстан менен Кытай өнөр жайда кызматташтыгын кеңейтет
Paylaş:

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытайдын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты Бакыт Сыдыков Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди Ошондой эле министр ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинде Синь Гобинь тарабынан көтөрүлгөн өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, логистикалык чынжырларды өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу, өндүрүштүк потенциалды чыңдоо жана жаңы өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча демилгелер өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи Өз кезегинде Синь Гобинь эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты Ошону менен катар ал Кыргызстандын демилгеси менен иштелип жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин Бириккен текстиль кластерин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча деталдуу кароо башталганын маалымдады Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, маалымат алмашууну активдештирүү жана кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler