Кыргызстан менен Грузия түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады
Бишкек, 12.06.26 /Кабар. Бүгүн “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу өттү Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн жетек

Бишкек, 12.06.26 /Кабар. Бүгүн “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу өттү Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн жетекчилери саясий, соода-экономикалык, транспорттук, лоистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти Ошондой эле Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду. Тараптар бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы туристтик агымды көбөйтүп, ишкердик жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын катарында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов менен Грузиянын экономика жана туруктуу өнүктүрүү министри Мариям Квривишвили өлкөлөрдүн авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум менен алмашты


