Кыргызстан Евробиримдиктин “Акчабар” аба майданындагы авиациялык коопсуздуктун кара тизмесинен чыгарылды
Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүндө Кыргызстанда сертификатталган бардык авиакомпаниялар Евробиримдиктин авиаташуучуларынын тыюу салынган тизмесинен

Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүндө Кыргызстанда сертификатталган бардык авиакомпаниялар Евробиримдиктин авиаташуучуларынын тыюу салынган тизмесинен чыгарылганы айтылат Чечим 2026-жылдын 19-21-майында ЕБнын Авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин (АСК) отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган жана Европа Комиссиясынын тиешелүү ченемдери менен таризделет Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турат Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, учуу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү Еврокомиссия жетишкен прогрессти, анын ичинде техникалык консультациялардын жыйынтыктарын, 2026-жылдын мартындагы баа берүү сапарын жана Брюсселдеги ийгиликтүү угууларды жогору баалады Жетилген натыйжаларды сактоо үчүн Еврокомиссия кыргыз тарап менен техникалык кызматташууну улантат Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


