Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук кара тизмесинен чыгарылды

Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынан билдиришти Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүндө Кыргызстанда сертификатталган бардык ави

0 көрүүknews.kg
Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук кара тизмесинен чыгарылды
Paylaş:

Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынан билдиришти Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүндө Кыргызстанда сертификатталган бардык авиакомпаниялар Евробиримдиктин авиаташуучуларынын тыюу салынган тизмесинен чыгарылганы айтылат Чечим 2026-жылдын 19-21-майында ЕБнын Авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин (АСК) отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган жана Европа Комиссиясынын тиешелүү Регламентинде таризделет Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турат Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, учуу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү Еврокомиссия жетишкен прогрессти, анын ичинде техникалык консультациялардын жыйынтыктарын, 2026-жылдын мартындагы баа берүү сапарын жана Брюсселдеги ийгиликтүү угууларды жогору баалады. Еврокомиссия жетишилген натыйжаларды колдоо үчүн кыргыз тарап менен техникалык кызматташууну улантат, деп айтылат Президенттик аппараттын билдирүүсүндө

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler