Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык коопсуздуктун кара тизмесинен чыгарылды
Кыргызстан Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды. Республика бул тизмеде 2006-жылдан бери турат Бул тууралуу Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүнө таянуу менен президенттик администрация билдирди Белгил

Кыргызстан Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды. Республика бул тизмеде 2006-жылдан бери турат Бул тууралуу Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүнө таянуу менен президенттик администрация билдирди Белгиленгендей, Кыргызстанда сертификатталган бардык авиаташуучулар Евробиримдикке каттамдарга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылды Чечим 2026-жылдын 19-21-майында өткөн Евробиримдиктин Авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин отурумунун жыйынтыгында кабыл алынды. Ал Еврокомиссиянын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен таризделет Президенттик аппараттан билдиришкендей, акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, учуу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү Администрация Еврокомиссия жетишилген прогрессти, анын ичинде техникалык консультациялардын, 2026-жылдын мартында баалоо визитинин жана Брюсселдеги угуулардын жыйынтыктарын жогору баалагандыгын белгиледи Еврокомиссия жетишилген натыйжаларды сактоо үчүн кыргыз тарап менен техникалык кызматташууну улантат


