Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук кара тизмесинен чыгарылды
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясы кыргыз тарапка Кыргыз Республикасында сертификатталган бардык авиакомпаниялар Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууларга тыюу салуудан толугу менен бошотулганын кабарлады Чечим 2026

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясы кыргыз тарапка Кыргыз Республикасында сертификатталган бардык авиакомпаниялар Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууларга тыюу салуудан толугу менен бошотулганын кабарлады Чечим 2026-жылдын 19-21-майында ЕБнын Авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин (АСК) отурумунун жыйынтыгында кабыл алынды. Ал Еврокомиссиянын тиешелүү Регламентинде бекитилет Республика бул тизмеде 2006-жылдан бери үзгүлтүксүз турат «Акыркы жылдары өлкөдө жарандык авиацияны реформалоо, учуу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта Буга чейин өлкөдө транспортто атайын сигналдарды колдонуу тартипке келтирилгени маалымдалган


