Кыргызстан менен Сейшел аралдары визасыз режим боюнча келишимге кол коюшту
4-майда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны ке

4-майда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты Атап айтканда, айыл чарба, туризм, билим берүү, санариптик башкаруу, туруктуу өнүгүү жана климат чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнү талкуулашты Тышкы иштер министрлиги бул сапар эки тараптуу мамилелердин тарыхында Сейшел аралдарынын тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин белгиледи Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жана Сейшел аралдарынын жарандарын кыска мөөнөттүү келүү үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту Барри Фордун иш сапарынын алкагында жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар да пландаштырылган Эске сала кетсек, Сейшел Аралдар Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 3-6-май аралыгында Кыргызстанда расмий сапар менен жүрөт

