Кыргызстан менен MTAIC сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоо маселесин талкуулады
Кыргызстан менен Түркиянын МТАИК сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоо маселесин талкуулашты Жаратылыш ресурстар министрлигинин башчысы Акылбек Токтобаев түркиялык MTA International Mining Inc. (MTAIC) компаниясынын башкы директору Наил Йылдырым жетектеген делегация менен жолугушту. Тараптар сейр

Кыргызстан менен Түркиянын МТАИК сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоо маселесин талкуулашты Жаратылыш ресурстар министрлигинин башчысы Акылбек Токтобаев түркиялык MTA International Mining Inc. (MTAIC) компаниясынын башкы директору Наил Йылдырым жетектеген делегация менен жолугушту. Тараптар сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы Сүйлөшүүлөр тоо-кен тармагындагы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты системалуу түрдө кеңейтүүнүн уландысы болду. Жыйындын жүрүшүндө биргелешкен иштердин негизги багыттары бекитилди. Негизги басым сейрек кездешүүчү элементтерди жана маанилүү пайдалуу кендерди чалгындоо жаатындагы илимий долбоорлорду ишке ашырууга бурулууда Бул сапар 2026-жылдын апрель айында Стамбулда өткөн Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун Стратегиялык пайдалуу кендер форумунда жетишилген макулдашуулардын практикалык уландысы болду. Иш-чаранын алкагында Акыл Токтобаев Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурдагы инвестициялык келишимдердин пайдубалын түптөдү


