Кыргызстан менен Кытай Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоодо
Бишкек (АКИpress) – 8-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталды Биргелешкен ж

Бишкек (АКИpress) – 8-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталды Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Абдикарим Алимбаев жетектейт Сүйлөшүүлөр 8-11-июнь аралыгында эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт Мамлекеттик чек ара кызматы белгилегендей, узундугу 1000 чакырымдан ашык болгон кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эл аралык укукта толугу менен жол-жоболоштурулган. Делимитация жана демаркация процесстери аяктады, мамлекеттик чек ара сызыгы жеринде чек ара белгилери менен белгиленген Каралып жаткан документтин долбоору мамлекеттик чек араны кармоонун, аны өткөрүүнүн, ал аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн, чек арада чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле бул эрежелерди бузуу менен байланышкан чек ара инциденттерин чечүүнүн эрежелерин аныктайт Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чек ара режимин сактоо жана эки мамлекеттин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өбөлгө болору күтүлүүдө


