Кыргызстан менен Кытай мамлекеттик чек ара режимин талкуулоодо
Бишкекте кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими боюнча келишим долбоору боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди Сүйлөшүүлөр 8-июндан 11-июнга чейин эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын

Бишкекте кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими боюнча келишим долбоору боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди Сүйлөшүүлөр 8-июндан 11-июнга чейин эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Абдикарим Алимбаев жетектейт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору мамлекеттик чек араны кармоонун, аны өткөрүүнүн, ал аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн, ошондой эле чек арада чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүнүн эрежелерин аныктайт Мындан тышкары, документ белгиленген эрежелерди бузуу менен байланышкан чек ара инциденттерин жөнгө салуу тартибин жөнгө салат Мамлекеттик чек ара кызматы 1000 чакырымдан ашык кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эл аралык укукта толук жол-жоболоштурулганын белгиледи. Делимитация жана демаркация процесстери аяктады, чек ара сызыгы жеринде чек ара белгилери менен белгиленген Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара коопсуздугу, мамлекеттик чек аранын режимин сактоо жана жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшөт деп күтүлүүдө


