Кыргызстан менен Кипр экономика жана туризм тармагындагы байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө -
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды Президенттик аппараттан кабарлашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык платформаларда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Фото През

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды Президенттик аппараттан кабарлашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык платформаларда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Фото Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кипр менен туризм, инвестиция, каржы жана банктар аралык кызматташуу чөйрөлөрүндөгү байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду Константинос Комбос Президентти өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Анын айтымында, бул эл аралык коомчулуктун республикага болгон жогорку ишениминин далили жана кыргыз дипломатиясынын маанилүү жетишкендиги болду Кипр ТИМ башчысы анын сапары эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү жана мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөп жатканын баса белгиледи Садыр Жапаров куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады Бул Кипр ТИМ башчысынын акыркы жылдардагы Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары. Сүйлөшүүлөр Бишкек менен Никозиянын ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштарды активдештирет деп күтүлүүдө
