Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан менен Казакстан Акчабарда парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты Маектин башында Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаровдун саламын айтты "К

0 көрүүakchabar.kg
Кыргызстан менен Казакстан Акчабарда парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө
Paylaş:

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты Маектин башында Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаровдун саламын айтты "Кыргыз тарап Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы Казакстанды курууга багытталган бардык реформаларды колдойт. Атап айтканда, биз акыркы референдумдун ийгиликтүү өтүшүн казак элинин жаркын келечегине карай маанилүү кадам деп эсептейбиз", - деди ал Ошону менен бирге спикер акыркы жылдары мамлекеттер аралык мамилелер активдүү өнүгүп жатканын, эки тараптуу жолугушуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи «Жетишкен макулдашуулар ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз болуп, бир тууган элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө көмөктөшөт деп ишенем», - деп кошумчалады ал Мындан тышкары, Марлен Маматалиев мамилелерди чыңдоонун негизги инструменттеринин бири парламенттик дипломатия экенин белгилеп, бул багытта жигердүү иштер жүрүп жатканын, биргелешкен иш-чаралар байма-бай уюштурулуп жатканын кошумчалады Жолугушууда маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери да козголду. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Астана шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Марлен Маматалиевдин Казакстанга биринчи расмий сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, бул эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишенимин билдирди «Биз үчүн Кыргызстан жакын коңшу, боордош мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш, «казактар менен кыргыздар бир тууган» деп бекеринен айтылбаса керек», - деди ал Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку темптерин белгиледи «Жакында Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы сиздердин өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн маанилүү тарыхый окуя болуп калды», - деди мамлекет башчысы Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоо боюнча пикир алышты, ошондой эле өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын жүрүшүн талкуулашты Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө даярдыгы ырасталды Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз

Kaynak: akchabar.kg

Diğer Haberler