Кыргызстан менен Франция парламенттер аралык кызматташтык жана эки тараптуу байланыштарды талкуулашты
БИШКЕК, 7-апрель. Кыргызстан менен Франция кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүнү талкуулашты Талкуулар 6-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира С

БИШКЕК, 7-апрель. Кыргызстан менен Франция кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүнү талкуулашты Талкуулар 6-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева менен Франциянын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Фэйдин жолугушуусунда болду Эльвира Сурабалдиева Франция, жалпысынан Европа өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи «Жогорку Кеңеш эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүү аркылуу ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр», - деди ал Соода-экономикалык кызматташууга токтолуп, комитет башчысы аны кеңейтүү үчүн бар мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи «Кыргызстан энергетика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, транспорт, туризм жана маанилүү кендерди иштетүү сыяктуу тармактарга француз инвестицияларын жана технологияларын тартууга кызыкдар», - деди депутат Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты да талкуулашты. Эльвира Сурабалдиева элчиликтин Кыргызстанда француз тилин, маданиятын жана искусствосун жайылтууга багытталган жыл сайын өткөрүлүүчү “Франкофония жазы” аттуу иш-чаралардын демилгесин колдоду Өз кезегинде Николас Фэй жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Франция Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экенин ырастады. Ал туризм, саламаттыкты сактоо жана транспорт инфраструктурасында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи Элчи ошондой эле билим берүү тармагына өзгөчө басым жасап, мектептерде француз тилин үйрөнүүнү колдоонун жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап бардык тармактар боюнча кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты


