Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташууга өзгөчө кызыкдар – төрага

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманлини кабыл алды Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн алакаларын чыңдоо жана Жогорку Ке

0 көрүүkabar.kg
Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташууга өзгөчө кызыкдар – төрага
Paylaş:

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманлини кабыл алды Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн алакаларын чыңдоо жана Жогорку Кеңештин ЕКПА менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар экендигин белгиледи Муну менен катар, Жогорку Кеңеш 2014-жылдан бери ЕКПАда "Демократия үчүн өнөктөш" макамына ээ экенин белгилеген төрага кыргыз парламентиндеги соңку жаңыланууларга токтолду Өз кезегинде Мариетта Караманли Европа кеңеши да кыргыз парламенти менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган иш-чаралар жана жолугушуулар активдүү уюштурулуп жатканына токтолду Тагыраагы тараптар шайлоо жараяндарын жакшыртуу, сот тутумун реформалоо, парламенттин ачык-айкындуулугун өнүктүрүү өңдүү айрым маселелер боюнча пикир алмашып, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да сөз кылышты

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler