ОТС саммитинин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан эки тараптуу кызматташууну талкуулашты
БИШКЕК, 15-май. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту, деп билдирди бүгүн, 15-майда президенттин басма сөз кызматы Тараптар саясий диалогдун жогорку дең

БИШКЕК, 15-май. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту, деп билдирди бүгүн, 15-майда президенттин басма сөз кызматы Тараптар саясий диалогдун жогорку деңгээлине жана жакшы коңшулук, өз ара урматтоо жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин динамикалык өнүгүүсүнө канааттангандыгын билдиришти Соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция, транспорт-логистика, энергетика, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштар боюнча биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана аймактагы туруктуу өнүгүүнү, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты


