Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан – 2030: Улуттук программанын алгачкы жылынын ийгиликтери

Жылдын алгачкы төрт айы экономика үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталып, ички дүң өнүм 12,4% өсүштү көргөздү. Адистердин айтымында, өзгөрүү экономиканын бардык тармагында байкалып жатат. Ал эми эл аралык аналитиктер Кыргызстанга салынган инвестициялар жигердүү иштеп жаткандыктан, 2026-жылдын жыйынтыгында ИД

0 көрүүkabar.kg
Кыргызстан – 2030: Улуттук программанын алгачкы жылынын ийгиликтери
Paylaş:

Жылдын алгачкы төрт айы экономика үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталып, ички дүң өнүм 12,4% өсүштү көргөздү. Адистердин айтымында, өзгөрүү экономиканын бардык тармагында байкалып жатат. Ал эми эл аралык аналитиктер Кыргызстанга салынган инвестициялар жигердүү иштеп жаткандыктан, 2026-жылдын жыйынтыгында ИДПнын өсүшү 10%дан жогору болорун божомолдошууда. Бул өзгөрүүлөрдү өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын ишке аша баштаганы десек болот Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын бекитилгенине бир жыл болуп калды. Анда төрт негизги багыт белгиленгени маалым. Алар: индустриялаштыруу, аймактык хаб мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, айыл чарбасы жана туризмди жогорку кирешеге чыгаруу, ошондоо эле жашыл энергетиканы өнүктүрүү векторлору Жалпысынан алдыдагы төрт жыл ичинде ИДПнын көлөмү 30 млрд долларга жетип, экономиканын жылдык өсүшү 8%дан кем эмес деңгээлде кармалышы керек. Эске салсак, 2025-жылды Кыргызстан 22 млрд доллар ИДП менен жапты. Киши башына көрсөткүч 3 миң доллардан ашты. Эми бул сумманы 2030-жылга чейин 4-4,5 миң долларга жеткирүү пландалууда Улуттук программада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50%га жеткирүү пландалган. 2025-жылы эле бул сектордун ИДПдагы үлүшү 51%дан ашканы маалым Программаны ишке ашырууда ушул кезге чейин аткарылган иштерге токтолсок, алардын бир катары көзгө көрүнө баштады. Мисалы, программанын индустрия боюнча багытында жыл сайын 100 өндүрүш объектиси ачылып, иштеп жатат. Экономика жана коммерция министрлиги “Кабар” агенттигине негизинен курулуш материалдарын өндүрүү, тоо-кен, энергетика, фармацевтика, кайра иштетүү жана логистика тармактарында ири долбоорлор ишке берилгенин билдирди Улуттук программанын региондук хаб боюнча блогунун көрүнүктүү мисалы “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” темир жолунун салына баштаганы десек болот. Аталган темир жолдун арты менен транзиттик мүмкүнчүлүктөр кеңейип, эл аралык соода байланыштары жакшырат. Деги эле ири дүйнөлүк жана аймактык мамлекеттер менен курчалган геостратегиялык абалыбыз Кыргызстандын транспорттук эле эмес, логистикалык, финансылык жана соода агымдары үчүн чөлкөмдүк хабга айлануусуна мүмкүндүк берет Улуттук багыттамада экономиканын маанилүү багыты катары айыл чарбасына жана туризмге, жашыл энергетикага өзгөчө басым жасалган. Айыл чарбасына коммерциялык банктардыкынан 2-3 эсе арзан насыялар берилип, башка да бир топ жеңилдиктер каралган. Ал эми туризм тармагынын кирешесин көбөйтүүгө мамлекет өзү баш болуп киришти. Мамлекеттик долбоорлордин Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азия боюнча эң ириси Ысык-Көлдүн күңгөйүндө курулуп жаткан тоо лыжа кластери. Жайы-кышы дебей 2 млн туристти кабыл алууга кудурети жетет Кыргызстандын жашыл энергетикадагы потенциалы Кытай баш болгон өлкөлөрдүн инвесторлорун кызыктырууда. Мунун баары экономиканын кыймылдаткыч күчтөрү. Бул багыттарды реалдуу экономикалык өсүшкө айлантуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү да кызуу пайдалануу зарыл. Экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине берген маегинде биздин өлкөнүн киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү мындан да кеңири экенин белгиледи

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Кыргызстан – 2030: Улуттук программанын алгачкы жылынын ийгиликтери | Tenqri