“Кыргызалтын” мамлекетке алдын ала дивиденддерди 17,49 миллиард сом төлөйт
«Кыргызалтын» ААКсы 2026-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке 17,49 миллиард сом аванстык дивиденддерди төлөп берет. Мындай чечимди акционерлер 2026-жылдын 26-майында Бишкекте өткөн кезексиз жалпы жыйында кабыл алышты. Кворум 100% болду Жыйында о

«Кыргызалтын» ААКсы 2026-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке 17,49 миллиард сом аванстык дивиденддерди төлөп берет. Мындай чечимди акционерлер 2026-жылдын 26-майында Бишкекте өткөн кезексиз жалпы жыйында кабыл алышты. Кворум 100% болду Жыйында ошондой эле Сагынбек Таштанбеков үч жылдан ашпаган мөөнөткө «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды Мындан тышкары, акционерлер 2026-жылга директорлор кеңешин жана ички аудит кызматын кармоого чыгымдардын сметасын бекитишти. Алдын ала дивиденддерди төлөөгө байланыштуу компания 2026-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнө да өзгөртүүлөрдү киргизет Алдын ала дивиденддерди төлөө чечими “Кыргызалтындын” кирешесин бюджетке которуу линиясын улантууда. Буга чейин Economist.kg сайты 2025-жылдын аягына чейин компания мамлекеттик бюджетке 18,7 миллиард сом дивиденддерди - таза пайданын 100% которорун билдирген. 2025-жылга “Кыргызалтындын” жалпы кирешеси 20,7 миллиард сомду, таза кирешеси 18,7 миллиард сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9%га көп

