“Кыргызалтын” биринчи жолу 12 миллион доллардан ашык чет элдик алтын эритмесин иштетти
“Кыргызалтын” ААК аффинаждоочу заводу Монголиянын Борбордук банкы тарабынан берилген алтын камтыган доре эритмесин кайра иштетти. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди Маалым болгондой, бул Кыргызстандын аймагында чет элдик доре эритмесин иштетүү биринчи жолу болуп жатат. Долбоор Кырг

“Кыргызалтын” ААК аффинаждоочу заводу Монголиянын Борбордук банкы тарабынан берилген алтын камтыган доре эритмесин кайра иштетти. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди Маалым болгондой, бул Кыргызстандын аймагында чет элдик доре эритмесин иштетүү биринчи жолу болуп жатат. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Монголиянын баалуу металлдар тармагындагы кызматташтыгынын бир бөлүгү болуп калды Долбоордун натыйжасында Good Delivery статусу менен сатылган продукциянын жалпы баасы дүйнөлүк рынокто 12 миллион доллардан ашыкты түздү Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААКсы өндүрүлгөн алтындын белгиленген сапат жана байкоо жүргүзүү стандарттарына шайкештигин тастыктаган LBMA (Good Delivery) эл аралык аккредитациясына ээ экендиги белгиленди. Бул компанияга эл аралык баалуу металлдар рыногунда иштөөгө мүмкүндүк берет Продукциянын сапатын контролдоо жана лабораториялык анализдер Борбордук илимий лабораториялык комплекс (CRLC) тарабынан эл аралык стандарттарга жана LBMA лабораториялар аралык сыноо процедураларына ылайык жүргүзүлөт


