Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргыз аба компаниялары "кара тизмеден" чыкты. Бишкектен Европага түз каттам ачылабы?

Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстанда сертификация алган бардык аба компаниялар тизмеден чыкканын билдирген. Кыргызстандык авиакомпаниялар “Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде” жүргөн К

0 көрүүazattyk.org
Кыргыз аба компаниялары "кара тизмеден" чыкты. Бишкектен Европага түз каттам ачылабы?
Paylaş:

Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстанда сертификация алган бардык аба компаниялар тизмеден чыкканын билдирген. Кыргызстандык авиакомпаниялар “Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде” жүргөн Кыргыз өкмөтү Европа Биримдигинин жарандык авиация тармагындагы коопсуздук тизмесинен, жалпак тил менен түшүндүргөндө “кара тизмеден” Кыргызстан расмий чыгарылганын кабарлады Чечим Европа Биримдигинин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынында кабыл алынган. Эми ал Европа Комиссиясынын тиешелүү регламенти менен таризделет No media source currently available Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги учурда Брюсселде иш сапарда жүрөт. Агенттик таркаткан маалыматта соңку жылдары Кыргызстан авиация тармагында масштабдуу реформаларды ишке ашырып, учуу коопсуздугу жаатында эл аралык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнү белгиленген “Биз авиациялык системаны толугу менен жаңыладык, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) жана Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинин стандарттарын киргиздик, эң татаал эл аралык аудиттерден ийгиликтүү өттүк жана дүйнөгө Кыргыз Республикасы эң жогорку эл аралык талаптарга жооп бере аларын далилдедик. Бул жөн гана авиация боюнча кабыл алынган чечим эмес. Бул – биздин өлкө, кандай кыйынчылыктар болбосун, чоң максаттарга жете аларын көрсөтүп турган маанилүү көрсөткүч" Кыргыз өкмөтү Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн батыл аракеттерди көрүп келгенин айтууда. Мамлекеттик көзөмөл кыйла күчөтүлүп, авиациялык инспекторлордун штаты көбөйтүлгөн, укуктук база жаңыртылган жана эл аралык аудиттер жүргүзүлгөн “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы өлкөнүн аба майдандарында ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырганын билдирип келет Соңку жылдары Кыргызстанда «Манас», «Ош», «Жалал-Абад», «Ысык-Көл», «Каракол», «Талас жана «Нарын» аба майдандарын куруу жана реконструкциялоо долбоорлору аткарылды. Аэродромдук инфратүзүм жаңыланып, эл аралык стандарттарга шайкеш келген учуу коопсуздугун камсыздоо системасы киргизилген «Кыргызстан аэропорттору» компаниясы Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгуу Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирүүдө. Компаниянын маалыматына караганда, кыргыз авиакомпаниялары Европа өлкөлөрүнө учуу укугуна ээ болушу үчүн сертификациялоо процедураларынан өтүп, тийиштүү уруксатты алышы керек «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын президенти Манасбек Самидинов аба майдандарын заман талабына шайкеш келтирүүдө олуттуу иштер аткарылганын айтты «Быйыл кышында учуу-конуу тилкесин толук реконструкциялап бүттүк. Жаңы учуруп-кондуруу системасын орноттук. Мындан тышкары, биз азыр инфратүзүмдүк жакшыртып, техниканы сатып алуудабыз. Мунун баары авиакомпанияларды тейлөөнү жакшыртууга түздөн-түз таасир кылат. Бүт авиакомпаниялар каттам ачуу үчүн аудит менен келгенде биз алардын талаптарына жооп беришибиз керек. Биз буга даярданып жатабыз. Биздин аба майдан Жер планетасындагы кандай аба кемеси болбосун кабыл ала алат. Тарыхта биздин аба майдан АН-224 («Мрия») сыяктуу эң чоң жүк ташуучу учакты да кабыл алган» Европа Биримдигинин «Аба коопсуздугу тизмеси» алгачкы жолу 2006-жылы жарыяланып, Кыргызстан ага дароо эле киргизилген. Буга өлкөдөгү учактардын абалы, аларды техникалык тейлөөнүн сапаты, учуу коопсуздугун көзөмөлдөө системасы жана адистерди даярдоо өңдүү жарандык авиациясы тармагындагы кемчиликтер себеп болгон Тизмеге киргизилген авиакомпанияларга Евробиримдиктин аймагында учууга тыюу салынат. Кайсы бир өлкөнүн жарандык авиация мекемеси копсуздукту көзөмөлдөө боюнча өзүнүн эл аралык милдеттемесин аткарууга жөндөмсүз болсо, анда андан сертификат алган бардык авиакомпаниялар «кара тизмеге» киргизилет. Евробиримдиктин комитети адатта жылына 2-3 жолу чогулуп, зарылчылык болсо жаңыланууларды киргизип турат Өкмөт «кара тизмени» өлкө авиациясынын эл аралык деңгээлде өнүгүүсүнө жолтоо болгон башкы тоскоолдуктардын бири катары сыпаттап келди. Чектөөлөр кайсы бир авиакомпанияга карата эмес, жалпы эле учууларга мамлекеттик көзөмөл системасын жакшыртуу жана улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарылчылыгына байланыштуу болчу Кыргызстан соңу жылдары бир нече учак сатып алып, авиапаркын өнүктүрүүгө умтулуп келет. «Асман Эйрлайнс» улуттук авиакомпаниясы түзүлүп, анын өлкө ичиндеги жана эл аралык каттамдары кеңейүүдө. Бирок, жеке авиакомпаниялардын учактарынын сапаты европалык стандарттарга шайкеш келер-келбеси белгисиз Транспорт жана коммуникациялар министринин мурунку орун басары Максатбек Дыйканов өлкөнүн авиатармагын "кара тизмеден" чыгаруу кандай кыйынчылык менен жетишилсе, аны ошол деңгээлде сактап калууга да ошончолук жан үрөп эмгек сарпташы керектигин эскертти “Биздин география канчалык кеңейсе, канчалык көп мамлекеттерге учсак, биринчиден элибизге ыңгайлуу шарт түзүлөт. Көп байкап атабыз, Алматыдан, азыр эми Ташкенттен да учуп атышат. Ушундай кыйынчылык болбой, ушунун баарын эми өзүбүз өнүктүрүшүбүз керек. Эски учактар болуп, авиакырсыктар көп болуп кетсе бизди кайрадан “кара тизмеге” киргизип коюшу мүмкүн. Өтө этият мамиле кылыш керек. Бул авиатармак элиталык тармак болуп эсептелет. Бул жерде абдан дасыккан, кесипкөй, тажрыйбалуу кишилер иштесе жакшы болот” «Кара тизме» 2006-жылдан бери 47 жолу жаңыланган. Евробиримдиктин Учуу коопсуздугу боюнча комитетинин 2025-жылдын соңундагы маалыматына ылайык, “кара тизмеде” жалпысынан 22 мамлекеттин жарандык авиация мекемелеринен сертификатталган 170тен ашуун авиакомпания бар болчу. Арасында Кыргызстандын 16 авиакомпаниясы жүргөн. 9-июнда ал тизме жаңыланып, Кыргызстандын аталышы көрүнбөй калды

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler