«КТМТ Арменияга карата тиешелүү беренени колдонууну карайт» - Тышкы иштер министри
«Армения мүчөлүк акыларды төлөбөгөндүгүнө байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Уставга ылайык тиешелүү беренени колдонуу маселесин карайт» Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Армениядагы кырдаалга комментарий берип жатып билдирди Ал армян өкүлдөрү ЖККУнун иш-ч

«Армения мүчөлүк акыларды төлөбөгөндүгүнө байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Уставга ылайык тиешелүү беренени колдонуу маселесин карайт» Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Армениядагы кырдаалга комментарий берип жатып билдирди Ал армян өкүлдөрү ЖККУнун иш-чараларына дээрлик эки жылдан бери катыша электигин эске салды "7-июнда Арменияда шайлоо күнү кесиптешим Арарат Мирзоян ЖККУ боюнча суроого жооп берип жатып, "Биз мүчөлүк акы төлөбөйбүз, анткени биз жөн эле катышпайбыз" деди. Бүгүн биз мындай кырдаалда эмне кылуу керектигин талкууладык. Армениянын ЖККУнун бюджетине болгон карызы эки жылдан ашык убакыттан бери чогулуп келет. Бул жагдайды Уюмдун бүгүнкү күндөгү Уставынын тиешелүү беренеси менен аныктаганбыз. ЖККУнун Уставы», - деп белгиледи Лавров Орусиялык министр Армения формалдуу түрдө ЖККУнун мүчөсү бойдон калганы менен НАТО өлкөлөрү менен кызматташууну жигердүү кеңейтип, түрдүү аскердик машыгууларды өткөрүп, аскердик техникаларды сатып алып жатканын айтты. НАТО да, азыр милитаризацияланган уюмга айланган Европа Биримдиги да аскердик делегацияларды алмашышат


