Ири чарбалар айыл-кыштакта жыл бою иш менен камсыз болушу керек — Бектенов
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов айыл жергесинде жыл бою иш менен камсыз болбой турган ири айыл чарба ишканаларынын жерлерин тартып алабыз деп коркутканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди "Бул сиздерге коюлган негизги талаптардын бири. Мамлекет керектүү колдоолорду көрсөтүп жатат, би

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов айыл жергесинде жыл бою иш менен камсыз болбой турган ири айыл чарба ишканаларынын жерлерин тартып алабыз деп коркутканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди "Бул сиздерге коюлган негизги талаптардын бири. Мамлекет керектүү колдоолорду көрсөтүп жатат, бирок биринчи кезекте ири ишканалардан жыл бою иш менен камсыз кылуу боюнча өз ара милдеттенмелерди күтүп жатат. Ачык айткым келет, ким муну кылбаса, анда мындай менчик ээлеринен жерди тартып алуу менен алек болобуз", - деди Олжас Бектенов өкмөт жыйынында Жыйында сууну айыл чарба тармагында пайдалануу маселеси да талкууланды. Откен жылы айрым чарбалар эгиндин структурасын сакташкан эмес, ошонун айынан сууну чыгымдоо кебейген. Бул өзгөчө Түркстан жана Кызылорда облустарына таасирин тийгизди Бектенов Суу чарба жана ирригация министрлигине акимдиктер менен биргеликте нымдуулукту көп талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бекитилген структурасынын сакталышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Мындан тышкары дыйкандар түшүндүрүү иштерине дагы активдүү катышуулары керек Өкмөттүн маалыматы боюнча, аймактар азыртадан эле колдо болгон суу ресурстарын эске алуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн структурасын өзгөртүүдө. Күрүч аянты 20,6 миң гектарга – 79,9 миң гектарга кыскарган Пахтачылык сууну үнөмдөөчү технологияларга таянат. Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен айдалган пахта аянты 29,8 миң гектарга көбөйүп, 79,8 миң гектарга жетти. Адаттагыдай сугарылган аянттар 12 миц гектарга кыскарды Экология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Жомарт Алиевдин айтымында, Казгидрометтин маалыматы боюнча, вегетация мезгилинде абанын температурасы жогорулап, жаан-чачындын бирдей эмес болушу күтүлөт. Адистер сезондун башталышын жагымдуу деп баалашат, бирок июль-сентябрь айларында айрым аймактарда нымдуулуктун жетишсиздик коркунучу сакталууда Сентябрь айында Казакстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын нормадан аз болушу күтүлөт. Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Батыш Казакстан, Костанай, Акмола, Павлодар жана Абай облустарынын басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Актөбө облусунун алыскы түндүгүндө нормага жакын болушу мүмкүн Вегетация мезгилине болжолдоо ай сайын такталып турат «Байтерек» холдингинин жетекчиси Рустам Карагойшин быйыл агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө 1,2 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөнүн билдирди. Бул сумманын 750 миллиард теңгеге чейинкисин себүү жана оруп-жыюу иштерине жумшоо пландаштырылууда Дыйкандар буга чейин 573 миллиард теңге насыя алышкан. Бул акча 6,8 миллион гектарга жакын айдоо аянтын жабууга мүмкүнчүлүк түздү, деп кошумчалады өкмөт Мындан тышкары “Даму” фонду 232 миллиард теңгеге 1,7 миң кепилдик берген. Мунун аркасында дыйкандар 273 миллиард теңге насыя алышкан Informburo.kz сайтынан тиешелүү темадагы жаңылыктар жана материалдар


