Кылмыш изи: Алматыдагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн чыккан сасык жыт коркунучтуу сырды ачты
Текшерүүгө “102” пультуна түшкөн билдирүү себеп болгон. Үйдүн жашоочулары кызыктай жыт келип жатканын айтып арызданышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери атайын жабдуулар менен бүтүндөй баңги плантациясын табышкан Кылмышкерлер тыюу салынган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө бардык шарттарды тү

Текшерүүгө “102” пультуна түшкөн билдирүү себеп болгон. Үйдүн жашоочулары кызыктай жыт келип жатканын айтып арызданышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери атайын жабдуулар менен бүтүндөй баңги плантациясын табышкан Кылмышкерлер тыюу салынган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө бардык шарттарды түзүшкөн, деп билдирди Казакстан Республикасынын ИИМдин басма сөз кызматы 2026-жылдын 6-июнунда. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында инспекторлор жайды пайдаланууга катышкан адамдарды аныкташкан Сырткы көрүнүшү боюнча кара куурайга окшош ондогон бадал өсүмдүктөр, ошондой эле кургатылган өсүмдүк заттары, өстүрүү жана сатууга даярдоо үчүн шаймандар алынган. Аларга жарык берүүчү приборлор, электрондук таразалар, вакуумдук пломбалар жана температураны көзөмөлдөөчү приборлор кирет Мындай иштер өзгөчө көзөмөлгө алынганын баса белгиледи. Кылмышка шектүүлөр полицияга жеткирилген. Тергөөчүлөр мыйзамсыз бизнестин чоо-жайын иликтеп жатышат Буга чейин Алматыда унаа сатуучу сатып алуучуну өлтүрүп кете жаздаган


