Кыска жаан жаап, күндүз аба +33 градуска чейин жылыйт - 11-июнга карата аба ырайы
Экология (АКИpress) - Кыргызстанда 11-июндагы аба ырайы Кыргызгидромет билдиргендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн Жолдордун бийик тоолуу аймактарында муз тоңгон. Батыштан соккон ш

Экология (АКИpress) - Кыргызстанда 11-июндагы аба ырайы Кыргызгидромет билдиргендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн Жолдордун бийик тоолуу аймактарында муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19 күндүз +27...+32 Талас облусунда түнкүсүн +11...+16 күндүз +24...+29 Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20күн +28...+33 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20күн +28...+33 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9...+14 күндүз +17...+22 Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12күн +18...+23Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болот. Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-июнда күндүз +19,2°, 10-июнда эртең менен +17,2° жылуу болду


