Краснодарга учкучсуз учактар чабуул жасап, мунай иштетүүчү завод күйүп жаткан
11-июнга караган түнү Россия Федерациясынын Краснодар аймагындагы Афипский мунай иштетүүчү заводуна дрондор чабуул жасап, ишкананын аймагында катуу өрт чыккан Жергиликтүү коомчулуктун маалыматына караганда, Афипский айылындагы мунай заводуна кол салуу түн жарымынан кийин башталган. Жергиликтүү тур

11-июнга караган түнү Россия Федерациясынын Краснодар аймагындагы Афипский мунай иштетүүчү заводуна дрондор чабуул жасап, ишкананын аймагында катуу өрт чыккан Жергиликтүү коомчулуктун маалыматына караганда, Афипский айылындагы мунай заводуна кол салуу түн жарымынан кийин башталган. Жергиликтүү тургундар бир нече мүнөттүк аралыкта учуучу дрондордун үндөрүн айтышкан "Афипский айылына пилотсуз учактардын сыныктары кулап түшкөн. Натыйжада мунай иштетүүчү заводдун аймагында өрт чыккан", — деп билдирди Краснодар крайынын оперативдүү штабы Кийинчерээк алар дрондун чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдиришкен Афипский нефтини кайра иштетүүчү заводу – Россиянын түштүгүндөгү эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири, долбоордук кубаттуулугу жылына 6 миллион тоннадан ашык мунайзат Ошондой эле Краснодарда учкучсуз учактын сыныктары көп кабаттуу үйдү сүзүп, эки адам жабыркаганы кабарланды. Окуяны облустун губернатору Вениамин Кондратьев тастыктады: "Натыйжада өрт чыккан. Окуя болгон жерде ыкчам жана атайын кызматтар иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча эки жабырлануучу бар". Кондратьев ошондой эле облустун Северский районуна кол салуу болуп, анда бир адам жарадар болгонун, дагы бир нече пилотсуз учактардын сыныктары жеке үйлөрдүн үстүнө түшкөнүн билдирди


