Кыргыз Республикасы менен Италиянын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду -
Рим шаарында 9-июнда Башкы прокурор Максат Кубатович Асаналиев менен Италиянын Юстиция министри Карло Нордио Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту Башкы прокуратура маалымдагандай, Макулдашуу

Рим шаарында 9-июнда Башкы прокурор Максат Кубатович Асаналиев менен Италиянын Юстиция министри Карло Нордио Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту Башкы прокуратура маалымдагандай, Макулдашууга кол коюу жазык-укуктук чөйрөдөгү кыргыз-италиялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды жана эки мамлекеттин ортосунда кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташуунун негизги багыттары боюнча эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны түзүүнү аяктады Келишим жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү үчүн укуктук негиз түзөт, анын ичинде процесстик документтерди тапшыруу, далилдерди алуу, айрым процесстик аракеттерди жүргүзүү, кылмыштуу активдерди аныктоо жана камакка алуу, ошондой эле эл аралык практикада каралган кызматташуунун башка формалары 2024-жылдын 4-октябрында президент Садыр Жапаровдун Италия Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жана соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган Кол коюлган макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, киберкылмыштуулукка, арам акчаны адалдоого жана кылмыштуу ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө каршы күрөшүүдө эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдейт


