Жогорку Кеңештин комитети Орусия менен саякатка чыгуу документтеринин тизмесин тактоо боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет жыйынында “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөт

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет жыйынында “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын саякаттоосу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун карап, жактырды. “2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” үч окууда Маалыматты тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев берди Анын айтымында, Россия менен келишим Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жарандарынын өз ара сапарлары үчүн жол жүрүү документтеринин тизмесин тактоо, анын ичинде балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документ катары алып салуу аркылуу эл аралык келишим түзүүгө багытталган Гана Республикасы менен келишимде Кыргыз Республикасынын жана Гана Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери болгон жарандар алтымыш күндүк мөөнөттүн ичинде 30 күндөн ашпаган мөөнөткө Макулдашуунун катышуучуларынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит үчүн визалык талаптардан бошотулат Мындан тышкары, комитет “2025-жылдын 21-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган, бир жагынан Евразия экономикалык бирлиги менен ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Индонезия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды Макулдашуу бизнестин чыгымдарын азайтуу жана экономикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу максатында Тараптардын ортосундагы соодадагы тоскоолдуктарды кыскартууга жана жоюуга багытталган


