Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Жогорку Кеңештин комитети “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети бүгүн, 2-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз

0 көрүүknews.kg
Жогорку Кеңештин комитети “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды
Paylaş:

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети бүгүн, 2-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карап, жактырды Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Адилет Белеков, Айбек Алтынбеков Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Адилет Белеков белгилегендей, “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамды төмөнкүдөй ченемдер менен толуктоо сунушталып жатат: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык баяндамасынын мазмунуна талаптарды белгилөө, ошондой эле аны мамлекеттик органдардан тиешелүү мөөнөттө бөлүштүрүүнүн тартибин жана кайтарым байланыштарды башка мөөнөттө кайра жөнөтүүнү; жылдык отчётторду даярдоонун жана таратуунун, ошондой эле аларды жарыялоонун тартибин бекитууге Акыйкатчы-га милдеттендирилсин. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Акыйкатчынын милдеттерин аныктайт, отчеттуулук жана башка бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жагынан укуктук боштуктарды жоюу, ошондой эле Акыйкатчы институтунун (атап айтканда, Венеция комиссиясы жана Адам укуктары боюнча Эл аралык Омбудсмендердин Ассоциациясынын) ишмердүүлүгүнүн эл аралык стандарттарына ылайык келет Талкууда депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Гүлшаркан Култаева Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жылдык отчетун даярдоонун тартиби, ошондой эле анын сунуштарын мамлекеттик органдардын ишке ашыруу механизмдери жана аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар маселелерди тактады. Депутат Салтанат Аманова мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 5-бөлүгүнө көңүл буруп, ага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аны кароонун жыйынтыгы тууралуу Акыйкатчыга отчет келип түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде маалымдоого милдеттүү жана бул талапты аткарбагандык үчүн жаза чараларын кароону сунуштады Муну менен катар Комитет “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына укуктук өкүлчүлүк маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карап, жактырды

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler