Али Хаменеинин жаназасы качан болот?
Ирандын мурдагы руханий лидери Аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-июндан кийин болот. Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады Агенттиктин белгилешинче, Хаменеини акыркы сапарга узатуу датасы тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал

Ирандын мурдагы руханий лидери Аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-июндан кийин болот. Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады Агенттиктин белгилешинче, Хаменеини акыркы сапарга узатуу датасы тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Али Хаменеи менен коштошуу жана акыркы сапарга узатуу зыйнаты Мухаррам айынын биринчи он күндүгүнөн кийин болоору кабарланды Өз кезегинде Тегерандын мэри Алиреза Закани Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеинин акыркы сапарга узатуу зыйнаты Мухаррам айынын экинчи он күндүгүндө болорун, бул болжол менен июнь айынын аягы менен июлдун башына туура келерин айтты, деп билдирет Iran International 2026-жылы Иранда Мухаррам айы 16-июнда башталат. Бул күнү мусулмандар хижрий ай боюнча жаңы 1448-жылдын башталышын белгилешет. Бул айдын эң маанилүү күнү - Ашура күнү 2026-жылдын 25-июнуна туура келет Али Хаменеинин жаназасы мамлекеттик сый-урмат менен өткөрүлөт жана өлкөнүн ар кайсы шаарларында үч күнгө созулат. Салтанаттар борбор шаарды жана ири аза күтүү иш-чаралары күтүлгөн негизги диний борборлорду камтыйт Тегеранда сөөк коюу зыйнаты кеминде 24 саатка созулат, деп маалымдайт шаар бийлиги Сөөк коюлган жер өлкөнүн чыгышындагы Мешхед шаары болуп саналат, ал жерге коңшу өлкөлөрдөн, атап айтканда Пакистан менен Ооганстандан адамдар келери күтүлүүдө. Кошумчалай кетсек, Кумдун диний борборунда дагы бир маанилүү жүрүш пландалууда Эске салсак, Али Хаменеи жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн айрымдары 28-февралда АКШ менен Израилдин Тегеранга биргелешкен чабуулунан каза болгон. Али Хаменеинин уулу Можтаба кийин Али Хаменеинин мураскери болуп шайланган


