Көмүр кениндеги ири кырсык: 90 жумушчу каза болду
Кытайдын Шаньси провинциясынын Цинюань районундагы Люшеньюй көмүр кенинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.29да ири газ жарылуусу болду. Жардыруу болгон учурда шахтада жалпысынан 247 жумушчу болгону аныкталган. Кытайдын расмий маалымат каражаттары билдирген акыркы маалыматтарга караганда, жер астын

Кытайдын Шаньси провинциясынын Цинюань районундагы Люшеньюй көмүр кенинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.29да ири газ жарылуусу болду. Жардыруу болгон учурда шахтада жалпысынан 247 жумушчу болгону аныкталган. Кытайдын расмий маалымат каражаттары билдирген акыркы маалыматтарга караганда, жер астындагы катуу жардыруудан 90 адам каза болду Окуядан кийин кризистик стол түзгөн Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруу иштери тууралуу маалымат бөлүштү. Министрликтин билдирүүсүндө жарылуу болгон шахтага 6 улуттук тоо-кен куткаруу отрядынын атайын техникалары менен жөнөтүлгөнү белгиленди. Жалпы 345 кызматкерден турган бул кесипкөй топтордун учурда шахтадагы издөө-куткаруу иштерин үзгүлтүксүз улантып жатканы белгиленди Кырсыктан кийин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттин тиешелүү мекемелерине чукул тапшырмаларды берди. Си Цзиньпин бийликтерге издөө-куткаруу иштерин кылдаттык менен жүргүзүүнү жана кырсыктын себептерин тыкыр иликтөөнү буйруду Президент ошондой эле жүргүзүлө турган иликтөөлөрдүн жыйынтыгында күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды Булак: İhlas News Agency

