Чыгып кеткен команданын күйөрмандары талаага басып кирип, машыктыруучуну сабап салышкан
Франциянын 1-лигасынан түшүп калганы буга чейин тастыкталган Нанттын күйөрмандары өткөн жумада Тулуза менен болгон оюнда үрөй учурган Беттештин биринчи жарымында ачуусун баса албаган Нанттын жүздөгөн күйөрмандары талаага киришти. Колдорунда факел менен талааны айланып чуркаган күйөрмандар футболчу

Франциянын 1-лигасынан түшүп калганы буга чейин тастыкталган Нанттын күйөрмандары өткөн жумада Тулуза менен болгон оюнда үрөй учурган Беттештин биринчи жарымында ачуусун баса албаган Нанттын жүздөгөн күйөрмандары талаага киришти. Колдорунда факел менен талааны айланып чуркаган күйөрмандар футболчуну жана техникалык кызматкерлерди бутага алышкан. Талаадагы оюнчулар жана калыстар тобу аларды көздөй чуркап келе жаткан күйөрмандардан кутулуп, түз чечинүүчү бөлмөнү көздөй бет алышты Окуя күчөгөндө стадиондо нөөмөттө турган полиция жана аскер күчтөрү талаага түшүп, күйөрмандарга катуу кийлигишкен. Беттешти калыс жокко чыгарды Француз басма сездерунун кабарына Караганда; Нанттын машыктыруучусу Вахид Халилходжич талаага кирип келген ачууланган күйөрмандар менен физикалык жаңжалдашкан. Тажрыйбалуу машыктыруучу сабалганы айтылды


