ЖМК: Тунис курама командасынын машыктыруучусу ДЧ-2026нын башталышында жеңилүү ызасын тарткандан кийин кызматтан алынды
Тунис курама командасынын башкы машыктыруучусу Сабри Лямучи футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын ачылышында Швециядан утулуп калгандан кийин ээлеген кызматынан бошотулду Бул тууралуу маалыматты журналист Ромен Молина социалдык тармактарга таратканын «Репорт» билдирди Журналист бе

Тунис курама командасынын башкы машыктыруучусу Сабри Лямучи футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын ачылышында Швециядан утулуп калгандан кийин ээлеген кызматынан бошотулду Бул тууралуу маалыматты журналист Ромен Молина социалдык тармактарга таратканын «Репорт» билдирди Журналист белгилегендей, бул дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында турнирдин ачылышынан кийин команданын машыктыруучусу кызматтан алынган биринчи учур Белгилей кетсек, Мексиканын Гвадалупе шаарындагы "BBVA" стадионунда өткөн беттеш 5:1 эсебинде аяктаган 54 жаштагы адис команданы 2026-жылдын январынан баштап жетектеген. Анын келишими 2028-жылдын июлуна чейин болгон. Буга чейин франциялык адис "Рияд", "Кардифф Сити", "Ноттингем Форест", "Ренн", "Аль-Жаиш" жана Кот-д'Ивуар курама командаларында иштеген Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


